Информационный портал 5NEWS

Өмүрбек Абдрахмановду Текебаевдин тарапташтары коркутууда

Өмүрбек Абдрахмановду Текебаевдин тарапташтары коркутууда

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Өмүрбек Абдрахманов мурдагы партиялашы Өмүрбек Текебев боюнча өз пикирин билдирбей турууну ылайык көрүүдө.  Ал мындай чечимин башкы атамекенчинин тарапташтары коркута баштады деп түшүндүрдү.

“Текебаевдин Орусиялык компаниядан акча алганы боюнча мурдагы  маегимди жаңылыктардан улам көрсөтүшүүдө. Ансыз деле мени анын тарапташтары өлтүрөбуз деп жатышат,”- дейт коомдук ишмер.

Мурдагы эл өкүлү, “Ата-Мекен фракциясынын лидери Текебаев Мегакомду Орусиялык компанияга өткөрүп берүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, инвесторлордон 1 млн. доллар алгандыгын 2012-жылы айтып чыккан.

Жеңишгүл Шабданбекова