Информационный портал 5NEWS

Өмүрбек Текебаев убактылуу кармоочу жайга камакка алынды

Өмүрбек Текебаев убактылуу кармоочу жайга камакка алынды

«Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевди Австриядан учуп келери менен УКМК кызматкерлери аэропорттон кармап кетишкен эле. Ал эми учурда эл өкүлүн 48 саатка УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалганы туурасында «Ата Мекен» саясий партиясы интернеттеги расмий баракчасында билдирген. Аны менен катар партиянын өкүлдөрү Текебаевге колдоо көрсөтүү максатында бүгүн, 26-февралда түшкү саат 13:00 УКМКнын алдында тынчтык митинг өткөрө турганын жарыялап, санаалаштарын чакырышууда.

Өмүрбек Текебаев менен бирге түнкү үчтөрдө Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев да кармалып, кийин аны кое беришкен. Ал эми  «Азаттык» радиосу менен «Сентябрь» телеканалынын журналисттерин жана 11 адамды Сокулук Ички иштер бөлүмүнө жеткиришип, эки сааттан соң түшүнүк кат жаздырып, кое беришкен.

Таңкы төрттөн өтүп УКМКнын алдына «Ата Мекен» партиясынын мүчөлөрү Аида Салянова, Наталья Никитенко жана Каныбек Иманалиевдер баштаган партиянын санаалаштары чогула баштаган. Учурда Өмүрбек Текебаев сурак берип жатканы маалымдалат. Эскерте кетсек күн мурун Башкы Прокуратура Өмүрбек Текебаевге карата Кылмыш-жаза кодексинин 303-«паракорчулук» жана 166-«алдамчылык» беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон эле.

Айнура Аваданова