Информационный портал 5NEWS

Манас проспектисине темир тосмолор коюлуп жатат

Манас проспектисине темир тосмолор коюлуп жатат

«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы Манас проспектисине темир тосмолорду орнотуп жана жолдун эки тарабындагы сугат системасын оңдоп жатат. Бул тууралуу 5 news.kg маалымат порталына Бишкек мэриясынын басма-сөз кызматы билдирди.

“ Учурда 90 темир-бетондук тосмо орнотулуп жатат. Бул да болсо айдоочулардын коопсуздугу жана жол-транспорттук кырсыктардан алдын алуу үчүн жасалууда. Келе жаткан суугат мезгилине даярдануу максатында, Жибек-Жолу көчөсүнөн мамлекеттик резиденцияга чейинки Манас проспектисинин жээгиндеги арыктар оңдолуп жатат”- деп калаа мэриясы маалымдады.