Информационный портал 5NEWS

Нурсултан Назарбаев Кыргызстан элин жана Алмазбек Атамбаевди куттуктады

Нурсултан Назарбаев Кыргызстан элин жана Алмазбек Атамбаевди куттуктады

Казакстан Республикасынын  Президенти  Нурсултан Назарбаев  Кыргыз Республикасынын  Президенти Алмазбек Атамбаевди  жана  Кыргызстан элин Көз карандысыздык күнү менен куттуктады.

«Тарыхый кыска мезгилдин аралыгында Кыргызстан ыкчам өнүгүп келаткан  өлкө катары эл аралык коомчулуктун кадыр-барктуу мүчөсү болуп калды.

Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достук өз ара  мамилелер  элдерибиздин   кызыкчылыгында мындан ары дагы чыңдалып жана өнүгө берет деп терең  ишенем”, -деп белгиленет куттуктоо телеграммада

Президент Нурсултан  Назарбаев Президент Алмазбек Атамбаевге чың ден-соолук, жооптуу ишине ийгиликтерди, ал эми кыргыз элине – тынчтык жана бакубатчылык каалады.