Информационный портал 5NEWS

Ошто көчө боюнда соода кылгандарга айып салынды

Ошто көчө боюнда соода кылгандарга айып салынды

Ош облусунда көчө бойлой соода кылган алып-сатарларга  кезектеги рейд учурунда айып пул салынды.  Бул тууралуу 5news.kg порталына Ош ОИИБинин патрулдук милициясынын басма-сөз кызматынын ага тескөөчүсү Айбек Бечелов билдирди.

Акыркы эки күн бою Ош облусунун Кара-Суу районунун аймагында көчө соодасы менен жолдун боюнда унаасын жууган айдоочуларга карата рейд болгон. Текшерүү учурунда жолдун боюнда көчөттөрдү сатуу менен алектенген соодагерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Эскертүүгө карабастан соодасын улантып жаткан 10дон ашык жаранга административдик протокол түзүлүп, алар 500 сом өлчөмүндөгү айып пулга жыгылышты.

Жолдун боюнда арыктан аккан сууга унааларын жууп, таштандыларын калтырып жаткан айдоочулар кармалып, экотехинспекция тарабынан эскертүү берилген. Эгер ага карабастан айдоочулар унааларын жууганды улантса, анда аларга 5000 сом өлчөмүндө айып пул салынат.

Патрулдук милициядан билдиришкендей, аталган эреже бузуулар жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугуна тоскоолдук жаратып, ар кандай кырсыктарга алып келиши мүмкүн.