Информационный портал 5NEWS

Президенттер бир катар документтерге кол коюшту

Президенттер бир катар документтерге кол коюшту

Бүгүн, 28-февралда мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясында Атамбаев менен Путиндин жолугушуулары болуп, алардын жыйынтыгында үч документке кол коюлду.

Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путин президенттердин биргелешкен жарыясына кол коюшту.

Эки өлкөнүн экономикалык мекемелеринин башчылары, евразия экономикалык союзуна кирүү процессинин алкагында Кыргыз Республикасына техникалык колдоо көрсөтүү жөнүндөгү эки өлкөнүн өкмөттөр аралык макулдашуусуна өзгөртүү киргизүү протоколуна кол коюшту.

Ошондой эле КР саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев менен РФ башкы санитардык дарыгери Анна Попова инфекциялык оорулар менен күрөшүү тармагында кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюшту.