Информационный портал 5NEWS

Санитардык нормаларды бузгандар жоопко тартылат

Санитардык нормаларды бузгандар жоопко тартылат

Бишкек шаарында санитардык-экологиялык инспекциясы рейд жүргүзүүдө. Анын жүрүшүндө бир катар ишканалар  талаптарга жооп бербегендиги аныкталды. Бул тууралуу 5 news.kg маалымат порталына Бишкек мэриясынын басма-сөз кызматы билдирди.

Берилген маалыматка ылайык, Инспекторлор санитардык талаптарга жооп бербегендердин атына “Административдик жоопкерчилик” беренесине ылайык протокол түзүштү. Протоколдор райондук административдик комиссия тарабынан каралат.

“ Лев Толстой көчөсүндөгү «CarCity» унаа жуучу жайы антисанитардык абалда. Жана таштандыларды белгиленбеген жерге ыргытышат. Бул түздөн-түз мыйзам бузуу болуп саналат. Ошондой эле Дэн Сяопин проспектисиндеги №400, 531, 541 үйлөрүнүн айланасын жеке ишкерлер көмүр сатуучу жайга айланткан. Жолдун жээгине жана тротуарларга көмүр төгүп алышкан. Жана көптөгөн компаниялар да санитардык-экологиялык нормаларга жооп бербегендиги аныкталган”-деп маалымдайт калаа мэриясы.