Информационный портал 5NEWS

Тартип бузгандар коомдук жумуштарга тартыла баштады

Тартип бузгандар коомдук жумуштарга тартыла баштады

Бишкек шаарынын мэриясы мыйзам бузуучуларды административдик жоопко тарта баштады. Бүгүнкү кундө беш адам жаза аткарып жатат. Бул тууралуу 5 news.kg маалымат порталына ведомствонун басма-сөз кызматы билдирди.

“ Свердлов районунун муниципалдык администрациясы райондук сот менен биргеликте бейбаштарды коомдук жумушка тарта баштады. Жумушчулар баардык керектүү жабдуулар менен камсыздалган. Райондук башкармалык, бул өңдүү жаза абдан эффективдүү деп эсептейт. Жана ошондо гана жарандар коом жана мамлекет алдында өз жоопкерчилигин сезе баштайт”- деп маалымдады мэриянын басма-сөз кызматы.

23 укукбузуу фактысы боюнча коомдук жумушка тартылат. Майда бейбаштык, белгиленбеген жерде таштанды өрттөө, өз билемдик менен бак-дарактарды кыюу, жашы жете элек өспүрүмдөрдү тарбиялоо жана окутуу милдетин аткарбоо, транспортту мас абалында айдоо жана башкалар.