Информационный портал 5NEWS

Темирлан Сманбеков Нарын драмтеатрына жетекчи болуп дайындалды

Темирлан Сманбеков Нарын драмтеатрына жетекчи болуп дайындалды

Темирлан Сманбеков Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрынын директору кызматына дайындалды. Бул туурасында маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма-сөз кызматы билдирет.

Тийиштүү буйрукка маданият министри Түгөлбай Казаков кол койгон.

Жаңы жетекчи Нарын дрматеатрынын эмгек жамаатына күн мурун, 2017-жылдын 10-октябрында тааныштырылды.