Информационный портал 5NEWS

«Ыйман жарчылары» аттуу китеп чыкты

«Ыйман жарчылары» аттуу китеп чыкты

«Ыйман, адеп жана маданият» жылына карата «Ыйман жарчылары» аттуу китебинин бет ачаары болду. Бул тууралуу 5 news.kg маалымат порталына “Ыйман, диний маданиятын өнүктүрүү” фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков билдирди.

Анын айтымында, китепке Барпы Алыкулов, Молдо Нияз, Жеңижок, Токтогул Сатылгановдун таалим-тарбиялык мааниге ээ чыгармалары киргизилди.

“Негизги максаты-залкар инсандардын чыгармалары аркылуу руханий жана адеп-ыймандык асыл-нарктарды байытуу. Китептин уникалдуулугу- студенттер демилге көтөрүп чыкты. Мунун өзү Кыргызстанда ыктыярчылык маданиятынын өсуп жаткандыгынын белгиси”,-дейт Нуржигит Кадырбеков.

«Ыйман жарчылары» аттуу китеп 2000 нускада жарыкка чыкты.

Автор(ы): Айгөкүл Дайырбек кызы