Информационный портал 5NEWS

Өзбекстанда химиялык заводдо жарылуу болду, каза болгондор бар

Өзбекстанда химиялык заводдо жарылуу болду, каза болгондор бар

«Ферганаазот» химиялык заводунда жарылуу болгонун Өзбекстандын өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлоодо.

Жарылуу 23-февралда ремонт иштери учурунда болгон. Жыйынтыгында адамдар курман болду. Бирок так маалымат айтылбайт.

Кырсыктын кесепетин иликтөө үчүн өкмөттүк комиссия түзулгөндүгун министрликтен кошумчалашты.

«Ферганаазот» жер семирткичтерди жана башка химиялык заттарды чыгарган завод. Акциларынын дээрлик 75% мамлекет ээлик кылат. Калганы «Узкимесаноат» компаниясына тийиштүү.