Информационный портал 5NEWS

Жалал-Абадда депутат ур-токмокко алынды

Жалал-Абадда депутат ур-токмокко алынды

Жалал-Абад облусундагы Сузак районуна караштуу Таш-Булак айыл өкмөтүндө депутатты сабап салышты. Бул тууралуу 5news.kg маалымат порталына “Эр айдоочу” укук коргоо коомунун Жалал-Абад облусу боюнча координатору Анарбай Орозов билдирди.

Бүгүн, 24-февралда Таш-Булак айыл өкмөтүндө жергиликтуу депутаттардын 4 –сессиясы орундалмак. Анда күн тартибине эки маселе коюлган. Айыл өкмөтүнүн бюджети  жана айылдык кеңештин төрагасына ишенбөөчүлүк  көрсөтүп, аны кайра шайлоо маселеси каралмак.

Айылдык кеңештин төрагасына ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча ачык добуш берүү сунушталган. Бирок чогулуш маалында ортодон чыр-чыгып, депуттардын бирөөсү ур токмокко алынган.

“Ал жакта участкалык милиция, ички иштер башкармалыгын кызматкерлери бар болчу. Бирок айыл өкмөт башчысы Самидинов Нурбек жана анын шоопуру экөөлөп туруп Тайкожо Ниязов аттуу депутатты баса калып токмоктоп, көйнөгүн жыртып, ошол жерде сабап салышты”,-дейт Орозов.

Укук коргоочунун айытымында Таш-Булак айыл өкмөтү Самидинов Нурбек каралар, рекетчилер тобунун мүчөсү. Мурун муниципалдык кызматтарда иштебеген.

Ал ушул жылдын 25-январында айыл өкмөттүн башчысы болуп шайланган.