00:48
23 ИЮНЯ 2018, СУББОТА

14 жаштагы Аэлитага жардам керек. Анын эки көзү тең гамартома

27.02.2017 17:06 | Коом 269

14-жаштагы Аэлита Рысбекова жардамга муктаж. Анын көздөрү дартка чалдыгып, гамартома деген онкологиялык оору пайда болгон. Алгач Аэлитанын дарты 8 жашында аныкталганын 5news.kg ге кыздын атасы Эмилбек Рысбеков билдирди.

«Жайында кызым сыналгы көрүп отурганында оң көзү бир тарапка кыйшайып баратканын байкадым. Мен коркуп кеттим, көзү чалыр болуп бараткан го деп ойлодум. Күн жылууда доктурларга кайрылып, текшерүүдөн өтүп, балким керек болсо көз айнек алыш керек деп ойлодум. Жал ооруканасына бардык, анан мына ошондон бери оору менен алышып келе жатабыз», - дейт Эмилбек Рысбеков.

Бирок ошол эле замат Кыргызстанда дартты так аныктоо мүмкүн болгон эмес. Москвадагы Гельмгольц атындагы көз ооруларынын илимий-изилдөө институтуна барганда Аэлитага гамартома дарты коюлган. Адистер дарыланууга жолдомо жазып беришкен.Ошондон бери Аэлита жылына эки жолу Эне жана баланы коргоо борборунда  онколог-офтальмолог Айнура Бегимкуловада дарыланып келет.3 жолу Москвадан текшерилип келди. Акыркы жолу 4 жыл мурун барганда дарт өрчүсө кайрадан Москвага баруу зарыл болоорун дарыгерлер эскертишкен.

Аэлита начар көргөн жана начар уккан балдардын атайы мектебинде билим алып келет. Эң мыкты бааларды алат. Ошондой эле шахмат жана ырга катышат. Көптөгөн сынактардын жеңүүчүсү.  2016-жылы шахмат турниринде 18 жашка чейинки кыздар арасында биринчи орунду алган.

Бирок ноябрда Аэлитанын абалы оорлой баштаган.Оң көзү көлөкө,жарыкты таптакыр көрбөй, ал эми  сол көзүнүн көрүүсү 20-25% га азая түшкөн.

«Катаракта пайда болду, ал көзгө күч келтирип жатат- дейт Эмилбек Рысбеков. Ооруганына чыдабай Аэлита ыйлайт. Кызым чыдамкай,оңойу менен ооруганын билдирбейт.Бирок азыр чыдай албай калып жатат».

Ноябрда дарыгерлер Москвага кезектеги текшерүүгө жолдомо жазып беришкен.Бирок Рысбековдордун Россияга барганга жол киреге да каражаттары жок болууда. Аэлитадан башка Эмилбектин 12 жаштагы уулу жана пенсионер энеси бар. Эмилбек өзү таксист болуп иштеп,балдарын жалгыз бой багат.Аэлита 4 жашында ата энеси ажырашып кетишкен. Ушунча жыл ичинде апасы балдардын абалы тууралуу кызыккан эмес.

«Мен азыр билет жана мүмкүн болуп калчу операцияга каражат чогултуп жатам, - дейт Эмилбек Рысбеков, - бирок ал жакта абал кандай болуп кетет, канча чыгым күтүп жатат биле албайм».

Аэлитанын атасынын телефон номуру: 0778150878 Эмилбек Рысбеков

Аэлитега жардамга каражат чогултуу үчүн банк реквизиттери:

 «ДЕМИР КЫРГЫЗ ИНТЕРНЭШНЛ» БАНК ЖАК

Филиал «ДКИБ – ГЛАВНЫЙ»

BIC: 118005                                   SWIFT: DEMIKG22

ЭМИЛБЕК АБДРАСУЛОВИЧ РЫСБЕКОВ

Кардардык номур 77108

Эсептин номуру: 1180000032584631 KGS

Акча которуулар үчүн реквизитттер

Алуучу: RYSBEKOV EMILBEK ABDRASULOVICH

Алуучунун эсеби: 1180000032584732 USD

Банк: Demir Kyrgyz International Bank (Bishkek, Kyrgyzstan)

Алуучу банктын дареги: 245, Chui Ave., Bishkek, Kyrgyzstan/ Кыргызстан Бишкек ш.Чуй 245

SWIFT: DEMIKG22

АКШ доллары менен которуулар үчүн банк: DEUTCHE BANK TRUST COMPANY AMERICAS, New York, USA

SWIFT BIC: BKTRUS33, Routing number 021001033

Address: 60 Wall Street, New York, NY 10005, USA

Correspondent account of Demir Bank: 04453875

АКШ долларларын которуу үчүн банк: RAIFFEISEN BANK INTERNATIONAL AG (Vienna, Austria)

SWIFT BIC: RZBAATWW

Address: Am Stadtpark 9, A-1030 Vienna, Austria

Correspondent account og Demir Bank: 70-55.089.015

Самые обсуждаемые новости

  • 14:49 18 июля 2017

    Видео - Жоолук салынган кыздын бийи нааразы пикирлерди жаратууда

  • 16:43 19 июня 2017

    Үй-бүлөөлүү эркектер менен байланыш түзгөн аялдарды жазалоо сунушталууда

  • 10:52 25 апреля 2017

    Бүгүн түнү Аскар Салымбековдун жубайы Гүлмира Мамбеталиева каза болду

  • 14:21 22 июня 2017

    Кыргызстанда 3 жашка чейинки ар бир балага 700 сомдон жөлөк пул берилет

  • 00:04 1 июля 2017

    Белгилүү аткаруучу Токтобек Асаналиевдин тун уулу комузчу Канат Наматбеков кайтыш болду

Талкуу(0)

Эч ким пикир билдире элек. Биринчилерден болуңуз! Пикир жазуу эрежеси Правила комментирования
Пикир калтырыңыз