15:19
13 ДЕКАБРЯ 2017, СРЕДА

Актан Арым Кубаттын “Кентавры” Берлинде эл аралык сыйлыкка татыды

20.02.2017 12:21 | Маданият 161

Актан Арым Кубаттын “Кентавр” аттуу тасмасы Эл аралык автордук кино конфедерациясынын сыйлыгына татыктуу табылды. Киносынчы Гульбара Төлөмүшева, Берлин фестивалы жана CICAE тууралуу маалымат менен бөлүштү.

Киносынчынын айтымында “Кентаврды” “Панорама” программасы боюнча 8 ирет көрсөтүштү: 2 ирет кинорынок үчүн пресс-көргөзмө коюласа, 6 жолу Берлиналенин көрүүчүлөрүнө тартууланды.

“Эл аралык автордук кино конфедерациясы (CICAE) - коммерциялык эмес уюм. Ал 1965-жылы негизделип, кинонун искусство катарында өнүгүшүн колдойт. Бул башкаларга окшобогон тек уюм”,-деп Гульбара Төлөмүшева кошумчалады.

Тасманын авторлоруна берилген дипломдо төмөнкү сөздөр жазылган: “Сыйлык автордук кинонун дүйнөлүк аудиториясына жетип, искусствонун бул түрүнүн көркөмдүүлүгүн камтыйт жана кинонун өнүгүшүнө, байышына салым кошкон тасмага багышталат”.

Актан Арым Кубаттын “Кентавры” 9-февралдан 19-февралга чейин созулган Берлин кинофестивалына катышып, дүйнөлүк бет ачары да ошол жерде өттү.

Кыргызстанда, тасманын премьерасы 26-мартка белгиленди.

Канат Рыскулов

Самые обсуждаемые новости

  • 16:06 6 октября 2017

    Суук кабар... Ырчы жана алып баруучу Гүлбү Орозкул кызы каза болду

  • 18:44 1 сентября 2017

    Самара Каримова Эмгек сиңирген артисти наамы тууралуу үн катты

  • 17:00 22 ноября 2017

    Бишкекте «Кыргызстандын айым режиссерлорунун II Кинофоруму» өтөт

  • 12:09 9 июля 2017

    Ак калпак кийип бийлеген кыргыз жигити соцтүйүндү жарды (тасма)

  • 15:03 13 июня 2017

    Кайрат Примбердиев Кремлдеги концертти ачып берди

Талкуу(0)

Эч ким пикир билдире элек. Биринчилерден болуңуз! Пикир жазуу эрежеси Правила комментирования
Пикир калтырыңыз