20:06
14 АВГУСТА 2018, ВТОРНИК

Алматыда Путин менен Назарбаев лыжа тебишти

27.02.2017 16:27 | Дүйнөлүк жаңылыктар 246

Орусия президенти Владимир Путин Борбор Азиядагы үч өлкөгө сапарын баштады. Бүгүн, 27-февралда орусиялык лидер Алматыдан Дүйшөмбүгө учуп барат.

Алматыда Казакстан президенти орусиялык кесиптеши менен бейрасмий түрдө жолугушту. Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песковдун билдиришинче, эки өлкө жетекчиси жекшембиде Алматыдан алыс эмес жердеги курортто лыжа тебишти. Бүгүн расмий жолугушуу болоору күтүлүүдө.

Жолугушууда Казакстан менен Орусиянын эки тараптуу кызматташтыгынын келечеги жана сирия жаңжалын жөнгө салуу сыяктуу эл аралык маселелер талкууланат.

Дүйшөмбүдө Владимир Путин Тажикстан президенти Эмомали Рахмон менен жолугат. Бул өлкөдө жети документке кол коюлары күтүлүүдө. Путиндин сапарынан кийин Орусиядан депортацияланган тажик мигранттарынын жапырт түрдө “кара тизмеден” чыгуусу пландалган.

Путин 28-февралда Кыргызстанга келип, президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушат.

Самые обсуждаемые новости

  • 14:39 12 июля 2017

    Жоругуң жолдо калгыр! Британияда эки мусулман эркек баш кошту (тасма)

  • 10:42 23 июля 2017

    Бразилияда алп жылан парламент депутатын тирүүлөй жутуп алды (фото)

  • 21:31 6 июля 2017

    Индонезияда 16 жаштагы жигит 71 жаштагы байбичеге үйлөндү (тасма)

  • 21:32 25 декабря 2017

    Казакстандын гимни жаңырган кезде Сооронбай Жээнбеков колун көкүрөгүнө койду

  • 20:12 6 октября 2017

    Үйлөнгөн жигит той күнү келинчегинин интим видеосун жарыялап, кегин алды

Талкуу(0)

Эч ким пикир билдире элек. Биринчилерден болуңуз! Пикир жазуу эрежеси Правила комментирования
Пикир калтырыңыз