21:02
23 ОКТЯБРЯ 2017, ПОНЕДЕЛЬНИК

«Апамды издеп» тасмасы Кыргызстан менен Казакстанда абсолюттук рекорд койду

27.02.2017 13:07 | Маданият 679

«Апамды издеп» тасмасы Кыргызстан менен Казакстанда кассалык чогултуу жана көрүүчүлөрдүн саны боюнча абсолюттук рекордду койду. Бул туурасында фильмдин режиссёру Руслан Акун жана продюсери Нурбек Айбашов 5news.kg порталына билдиришти.

Буга чейин бир дагы тасма Казакстандын аймагында Голливуд фильмдерин артка калтырган эмес.

Кыргызстан, Казакстан жана АКШ өлкөлөрүнүн биригүүсүндө жаралган картина боордош элибизде 140 миллион теңгеден ашык каражат чогултуп, учурдагы рекордсмен аталууда.

3 жумалык прокаттын жыйынтыгында Кыргызстанда «Апамды издеп» киносу 15 миллион сом чогултту. Эске салсак фильм Кыргызстан боюнча 9-февралдан тарта көрсөтүлдү. Ал эми Казакстандын кинотеатрларында 16-февралда чыккан.

«Бюджети 400 000 АКШ долларын түзүп, аны актоо үчүн «Апамды издеп» долбоору 1 млн. доллар чогултуусу керек. Себеби, анын жарымы кинотеатрлардын акысы катары кетсе, калган бөлүгү салык катары мамлекеттик казынага төлөнөт», - дейт фильмдин продюсери Нурбек Айбашов.

Айнура Аваданова

Самые обсуждаемые новости

  • 16:06 6 октября 2017

    Суук кабар... Ырчы жана алып баруучу Гүлбү Орозкул кызы каза болду

  • 18:44 1 сентября 2017

    Самара Каримова Эмгек сиңирген артисти наамы тууралуу үн катты

  • 12:09 9 июля 2017

    Ак калпак кийип бийлеген кыргыз жигити соцтүйүндү жарды (тасма)

  • 15:03 13 июня 2017

    Кайрат Примбердиев Кремлдеги концертти ачып берди

  • 11:53 6 июня 2017

    Элина Абай кызы турмушка чыгат

Талкуу(0)

Эч ким пикир билдире элек. Биринчилерден болуңуз! Пикир жазуу эрежеси Правила комментирования
Пикир калтырыңыз