21:08
23 ОКТЯБРЯ 2017, ПОНЕДЕЛЬНИК

Арак-шараптын сатылышы эки эселеп көзөмөлдөнөт

07.02.2017 14:36 | Экономика 150

Өкмөттүн жаңы токтомуна ылайык, Мамлекеттик салык кызматынын этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү, жүгүртүү жана импорттоону көзөмөлдөө, лицензиялоо жана мамлекеттик жөнгө салуу боюнча функциялары Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине берилген. Бул туурасында бүгүн, 7-февралда өкмөттүн аппаратынын маалымат кызматы билдирет.

Бардык функциялардын МСКда топтолушу мамлекеттин алкоголдук тармактын өнүгүүсүнө карата көзөмөлүнүн төмөндөшүнө жана анын экспорттук мүмкүндүктөрүнүн кыскарышына алып келген. Функциялардын бөлүштүрүлүшү Айыл чарба министрлигинин алкоголдук продукцияны өнүктүрүү боюнча ыйгарым укугун чыңдайт.

Мамлекеттик салык кызматында акциздик маркаларды берүү, алкоголдук тармактарда салык постун орнотуу, рейддик көзөмөлдү ишке ашыруу, акциздик салыкты чогултуу функциялары сакталды.

Өкмөт алкоголдук продукцияны өндүрүү, жүгүртүү жана импорттоого эки ирет көзөмөлдү киргизүүдө, бул өз кезегинде мамлекеттик бюджетке түшүүлөрдүн жогорулашына, мыйзамсыз жүгүртүүлөрдүн кыскарышына алып келет. Аталган чара ошондой эле аталган тармактагы коррупцияны жоюуга багытталган.

Самые обсуждаемые новости

  • 10:55 10 октября 2017

    Салык кызматы Гүлжигит Калыков, Кайрат Примбердиев, Асылбек Өзүбеков, Нурдөөлөт Копоев баш болгон ырчы, тамадалар мыйзамды бузганын аныктады

  • 18:25 29 марта 2017

    Студенттер жана окуучулар акчанын тарыхы менен таанышты

  • 16:16 29 марта 2017

    "Подземкаларда" иштеген 200гө жакын адам жумушсуз калат

  • 11:23 28 сентября 2017

    Премьер-министр С. Исаковдун чечими менен 1-октябрдан тарта мамлекеттик ипотекалык насыянын пайыздык чеги 8% га төмөндөйт

  • 18:50 27 марта 2017

    Акча табуу жана топтоо боюнча лекциялар өтүүдө

Талкуу(0)

Эч ким пикир билдире элек. Биринчилерден болуңуз! Пикир жазуу эрежеси Правила комментирования
Пикир калтырыңыз