15:18
13 ДЕКАБРЯ 2017, СРЕДА

Айсулуу Тыныбекова Швецияда өтчү эл аралык турнирге катышат

16.02.2017 17:07 | Спорт 194

Өлкөнүн айымдар арасында эркин күрөш боюнча курамасынын лидери Айсулуу Тыныбекова Швециядагы эл аралык мелдешке катышат.  Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин билдиришинче, күч сынашуу 17-февралдан 19-февралга чейин Кипплан шаарында уланат.

Кыргызстандын курамасынын атынан 6 спортчу айым Швецияга жөнөтүлдү. Аларды коштоп эркин күрөш боюнча башкы тренери Нурбек Изабеков сапарга чыкты. Кыргызстан курамасынын тизмеси:

1. Айсулуу Тыныбекова –  (58 кг)

2. Айпери Медет кызы –  (75 кг)

3. Назира Марсбек кызы –  (53 кг)

4. Мээрим Жуманазарова –  (69 кг)

5. Нураида Анаркулова – (56 кг)

6. Айсалкын Кожомкул кызы –  (48 кг)

7. Рыскулбек Эгеев – калыс

8. Нурбек Изабеков – башкы тренер

Спорт агенттигинин маалыматына караганда, мелдешке катышуу чыгымдарын жабуу үчүн мамлекеттик бюджеттен 952 миң сом бөлүндү.

Канат Рыскулов

Самые обсуждаемые новости

  • 22:46 21 мая 2017

    Сүйүнчү! Айсулуу Тыныбекова ислам оюндарында алтын медаль тагынды

  • 18:12 3 октября 2017

    Видео - 43 жаштагы мушкер Мирбек Суюнбаев дүйнө чемпионатына даярданууда

  • 17:12 26 июля 2017

    Мыктылар тандалды! Көк-бөрү боюнча дүйнөлүк чемпионатка Кыргызстандын курамасы түзүлдү (тизме)

  • 23:49 18 апреля 2017

    АФК Кубогу: «Дордой» жана «Алайга» упай жок

  • 21:03 26 сентября 2017

    Эртең Ашхабадда өтүп жаткан Азия оюндары жыйынтыкталат. Кыргызстан 8-орунда

Талкуу(0)

Эч ким пикир билдире элек. Биринчилерден болуңуз! Пикир жазуу эрежеси Правила комментирования
Пикир калтырыңыз