15:41
17 ОКТЯБРЯ 2017, ВТОРНИК

Азия кышкы оюндары боюнча Казакстан 4-орунду ээледи

27.02.2017 10:11 | Спорт 138

Коңшу Казакстандын спортчулары Саппородогу кышкы Азия оюндарында жалпы медалдык эсеп боюнча 4 орунду ээледи. Бул туурасында «Саппоро-2017» мелдешинин расмий сайтында кабарланат.

Күн мурун кышкы мелдештин жабылуу аземи өттү. Боордош казактардын куржуну  32 медаль менен толтурулган.

«Саппоро-2017нин» статистикасына караганда, Казакстандын курамасы 9 алтын, 11 күмүш жана 12 коло байге уткан. 4 алтынды эркектер табышса, 4 алтынга айымдар жетишти. Ал эми аралаш спорт боюнча 1 алтын.

Казакстандын хоккейчилер тайпасы биринчи дивизиондогу атаандаштарын артта калтырып, алтын байгелерди эңишти.

Эскерте кетсек,  Кыргызстандын хоккей боюнча курамасы 3-дивизион биринчилигин утууга аз гана жетпей калган – кыргызстандыктарда жалгыз күмүш.

 

Жалпы медалдык эсеп боюнча тизмени мелдештин ээси – Япония жетектеди. Аларда 78 медал, анын 27си алтын. Түштүк Корея 16 алтын менен экинчиде. Үчүнчү орунду 12 алтын менен Кытай Эл Республикасы багындырды.

Самые обсуждаемые новости

  • 22:46 21 мая 2017

    Сүйүнчү! Айсулуу Тыныбекова ислам оюндарында алтын медаль тагынды

  • 17:12 26 июля 2017

    Мыктылар тандалды! Көк-бөрү боюнча дүйнөлүк чемпионатка Кыргызстандын курамасы түзүлдү (тизме)

  • 23:49 18 апреля 2017

    АФК Кубогу: «Дордой» жана «Алайга» упай жок

  • 18:12 3 октября 2017

    Видео - 43 жаштагы мушкер Мирбек Суюнбаев дүйнө чемпионатына даярданууда

  • 21:03 26 сентября 2017

    Эртең Ашхабадда өтүп жаткан Азия оюндары жыйынтыкталат. Кыргызстан 8-орунда

Талкуу(0)

Эч ким пикир билдире элек. Биринчилерден болуңуз! Пикир жазуу эрежеси Правила комментирования
Пикир калтырыңыз