23:09
20 НОЯБРЯ 2017, ПОНЕДЕЛЬНИК

Башкы прокуратура Текебаевге иш козгогонун тастыктады

25.02.2017 18:38 | Саясат 299

КР Башкы прокуратурасы Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевге карата 303 жана166-беренелери менен ("Коррупция", "Алдамчылык") кылмыш ишин козгогонун тастыктайт. Бул тууралу аталган мекемеден билдиришти.

Кылмыш УКМКдан келип түшкөн материалдардын негизинде ачылды.

Маалыматка ылайык, Улуттук коопсуздук комитетке Текебаевди жоопко тартуу үчүн жазуу түрүндө арыз менен Россия Федерациясынын телекомуникациялар боюнча бир катар компаниянын кожоюну Л.Маевский кайрылган.

Ал өзүнүн арызында, 2010-жылы Текебаев, КР убактылуу өкмөттүн орун басары болуп турганда андан миллион доллар алган. Ал үчүн Маевскийге бир катар жеңилдиктерди жасап берүүнү убадалаган. Алгач Текебаев аны "Альфа Телеком" ЖАК башкарууга киргизип, андан кийин компаниянын сатыктан түшкөн суммадан 10-15% акцияларды сатууну жана саясий коргоого алмак.

"Текебаев бул милдеттемелерин аткарган жок. Эгер талап кылып, же ачыкка чыгара турган болсо коркутуп, алган акчаны кайтарып берүүдөн баш тарткан. Маевский бул арызы менен Жогорку Кеңештин экс-депутаты Өмүрбек Абдахмановдун жана "Панвел" компаниясынын өкүлү Раушан Рыкунованын буга чейин "Алфа Телекомго" байланыштуу Текебаевдин мыйзамсыз иш аракеттери болгон деген билдирүүлөрүн тастыктады",-деп айтылат Башкы прокуратуранын маалыматында.

Кылмыш ишти иликтөө КР УКМКнын тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилип, тергөө башталды.

Самые обсуждаемые новости

  • 16:35 28 марта 2017

    Аскар Акаевдин расмий сайты ачылды

  • 16:59 18 июня 2017

    Өмүрбек Текебаев расмий түрдө президенттикке жылдырылды

  • 13:07 20 июня 2017

    КР премьер-министр Мамкурулуштун жетекчисинин орун басарын чогулуштан кууп чыкты

  • 16:41 12 октября 2017

    Фото – Премьер С. Исаков Тоңдо оор абалда жашаган эки үй-бүлөөгө барды

  • 13:18 24 марта 2017

    Жанар Акаев КСДП фракциясынан чыгарылгандыгы боюнча комментарий берди

Талкуу(0)

Эч ким пикир билдире элек. Биринчилерден болуңуз! Пикир жазуу эрежеси Правила комментирования
Пикир калтырыңыз