15:14
13 ДЕКАБРЯ 2017, СРЕДА

Бишкек шаардык Биринчи май райсотунун имаратын 200дөй милиция курчады

27.02.2017 17:58 | Саясат 186

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун имараты курчалып, ага кирчү жолдор жабылды. Ал жакта милициянын 200гө жакын кызматкери тартылган. Расмий эмес маалыматтар боюнча, сотко кун мурун кармалган Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевди, баш коргоо чарасын кароо үчүн алып келишет. Сотто Текебаевди убактылуу кармоо жайына жайгаштыруу мөөнөтүн 2 айга узартуу маселеси каралаары кабарланган.

Анын УКМКда камалуу мөөнөтү бүгүн таңкы саат 4тө аяктайт.

25-февралда Башкы прокуратура парламенттик “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге карата, “Альфа Телеком” (“Мегаком” соода маркасы) ЖАК боюнча чуулгандуу чырдын алкагында  КР Кылмыш кодексинин 303-беренеси (паракорлук) жана 166-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш ишин козгогон. Депутатты 26-февраль таң эрте эларалык “Манас” аба майданынан кармап кетишкен. Азыр ал УКМКда. Ушул эле маалда өзүнүн үйүнөн Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, 2010-жылы ӨКМди жетектеген Дүшөнкул Чотонов кармалган. Күн мурун Текебаевдин жактоочулары митингге чыгышкан. Алар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имаратын тегерете турган милиция курчоосун эки жолу жарып өтүү аракетин көрүшкөн.  

Самые обсуждаемые новости

  • 16:35 28 марта 2017

    Аскар Акаевдин расмий сайты ачылды

  • 20:37 27 ноября 2017

    Видео - Курманбек Бакиев мекенине кайта турганын билдирди

  • 16:59 18 июня 2017

    Өмүрбек Текебаев расмий түрдө президенттикке жылдырылды

  • 16:41 12 октября 2017

    Фото – Премьер С. Исаков Тоңдо оор абалда жашаган эки үй-бүлөөгө барды

  • 13:07 20 июня 2017

    КР премьер-министр Мамкурулуштун жетекчисинин орун басарын чогулуштан кууп чыкты

Талкуу(0)

Эч ким пикир билдире элек. Биринчилерден болуңуз! Пикир жазуу эрежеси Правила комментирования
Пикир калтырыңыз