18:13
22 ОКТЯБРЯ 2018, ПОНЕДЕЛЬНИК

Бишкектин борборунда адам өмүрүн алып кеткен өрт катталды

21.02.2017 11:24 | Өзгөчө кырдаалдар 279

Бишкекте Чүй проспектиси 65 дареги боюнча жайгашкан үч кабаттуу үйдүн бир батиринен өрт чыккандыгы тууралуу маалымат 101 номуруна кечээ 20-февралда 18:09да келип түшкөн. Бул туурасында Свердлов районунун өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн башчысы Мадимар Мамбетов 5news.kg маалымат порталына билдириди.

Аталган жерге Свердлов районунун өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн бригадасы чыгып, өрттү өчүрүү жана батирлерде чыга албай калган тургундарды куткарууга киришишкен. Өрт 2-кабаттан чыгып, 2-3-кабатта жашаган тургундар жалындан улам үйлөрүнөн сыртка чыга албай калышкан.

Андыктан куткаруучулар алгач, адамдарды үчүнчү кабат аркылуу куткарышып, андан соң жалынды басаңдатууга киришишкен.

Толугу менен өрт 20:21де өчүрүлүп, кырсык чыккан батирден 1954-жылкы Конюкова Н.Бнын жансыз денеси табылган. Ал эми өрттүн кесепетинен 10 адам өз убагында куткарылып, тез жардам кызматы келип биринчи жардам көрсөтүшкөн. Кырсыктан улам бир адамдын өмүрү кыйылып, башка жабырлануучулар катталган эмес.

Айнура Аваданова

Самые обсуждаемые новости

  • 22:14 28 июля 2017

    Кыргызстандыктар асмандагы керемет көрүнүштү тартып алышты

  • 12:55 17 декабря 2017

    Ош-Бишкек унаа жолундагы кырсыктан каза тапкандардын кимдиги такталды. Айдоочу милиция кызматкери болгон

  • 12:36 30 мая 2017

    Шашылыш билдирүү! Кыргызстанда дагы катуу шамал болот

  • 23:40 16 декабря 2017

    Ош-Бишкек жолундагы унаа кырсыгынан 7 адам каза таап, 3 адам жабыркады

  • 12:32 6 августа 2017

    Жоолук салынган кыз дүкөнгө кирип, планшет уурдаган (тасма)

Талкуу(0)

Эч ким пикир билдире элек. Биринчилерден болуңуз! Пикир жазуу эрежеси Правила комментирования
Пикир калтырыңыз