04:05
25 СЕНТЯБРЯ 2018, ВТОРНИК

Борбордогу маршруттук таксилер бир жылдан ашуун убактан бери мыйзамсыз иштешүүдө

21.02.2017 18:10 | Коом 217

Бишкектеги маршруттук таксилер мыйзамсыз иштеп жатышат. Мэрия менен жеке уюмдар ортосундагы макулдашуу 2 жыл мурун түзүлгөн. Бул тууралуу 5news.kg маалымат порталына траспорт башчысы Юрий Бедаш билдирди.

Бирок аларды толук тыйып салуу дагы акылга сыйбас чечим. Мындан жүргүнчүлөр эле азап тартаары белгиленет.

«Мэрия транспорттук тейлөө уюмдарын жалдоочу мекеме. Биз менен жеке фирмалар арасында түзүлгөн келишимдер эскирип, жокко чыккан. Кайрадан сынак жарыялап, жаңы келишимдерди түзүү керек», - дейт Бедаш.

Атка минердин айтымында, конкурсту былтыркы жылдын апрель айында уюштурушкан. Бирок сынактын шарттарына канаатанбаган уюмдар сотко кайрылышкан. Бир жыл бою сот уланып, анын аягы дагы эле көрүнбөйт.

«Бүгүнкү күндө бир топ арыздар кайра кайтарып алынды. Бир доомат боюнча соттук иш жеке уюмдун талабын канаатандырган жок. Алар Жогорку сотко даттанышса болот. Соттук иштер аягына чыкса, жаңы сынак жөнүндө ойлоно баштайбыз”, – деп кошумчалады муниципалитет жетекчиси.

Канат Рыскулов

Самые обсуждаемые новости

  • 14:49 18 июля 2017

    Видео - Жоолук салынган кыздын бийи нааразы пикирлерди жаратууда

  • 16:43 19 июня 2017

    Үй-бүлөөлүү эркектер менен байланыш түзгөн аялдарды жазалоо сунушталууда

  • 14:21 22 июня 2017

    Кыргызстанда 3 жашка чейинки ар бир балага 700 сомдон жөлөк пул берилет

  • 10:52 25 апреля 2017

    Бүгүн түнү Аскар Салымбековдун жубайы Гүлмира Мамбеталиева каза болду

  • 00:04 1 июля 2017

    Белгилүү аткаруучу Токтобек Асаналиевдин тун уулу комузчу Канат Наматбеков кайтыш болду

Талкуу(0)

Эч ким пикир билдире элек. Биринчилерден болуңуз! Пикир жазуу эрежеси Правила комментирования
Пикир калтырыңыз