23:04
20 НОЯБРЯ 2017, ПОНЕДЕЛЬНИК

Ч.Айтматовдун Бельгиядагы чыгармачылыгы боюнча  архивдик материалдар Кыргызстанга алынып келинет

17.02.2017 12:04 | Маданият 167

Президент Алмазбек Атамбаев Бельгия Королдугуна жумушчу сапарынын алкагында улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча  архивдик материалдарды Кыргызстанга өткөрүп берүү аземине катышты. Бул тууралу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Архивдик материалдарды өлкөбүзгө Брюссель Эркин университетинин ардактуу профессору, Королдук археология академиясынын мүчөсү Жан Бланкофф өткөрүп берди.

Өз сөзүндө Мамлекет башчысы иш чаранын катышуучуларын жылуу куттуктап, ага Чынгыз Айтматовду жакын билген жубайлар Бланкоффтор сыяктуу көп адамдар катышып жатканын белгиледи.

Президенттин айтымында, улуу жазуучу менен ал дагы жакын мамиледе болгон. Айтматов «биздин муун үчүн ошондогу өлкөнүн өзгөчө символу болгон, анткени ал кыргыз жазуучусу гана эмес, союздук дагы, планеталык дагы жазуучу болгон» деди Алмазбек Атамбаев.

Чынгыз Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча архивдик материалдарды Кыргыз Республикасына өткөрүп берүү жөнүндө расмий документке кол коюлду.

Самые обсуждаемые новости

  • 16:06 6 октября 2017

    Суук кабар... Ырчы жана алып баруучу Гүлбү Орозкул кызы каза болду

  • 18:44 1 сентября 2017

    Самара Каримова Эмгек сиңирген артисти наамы тууралуу үн катты

  • 12:09 9 июля 2017

    Ак калпак кийип бийлеген кыргыз жигити соцтүйүндү жарды (тасма)

  • 15:03 13 июня 2017

    Кайрат Примбердиев Кремлдеги концертти ачып берди

  • 11:53 6 июня 2017

    Элина Абай кызы турмушка чыгат

Талкуу(0)

Эч ким пикир билдире элек. Биринчилерден болуңуз! Пикир жазуу эрежеси Правила комментирования
Пикир калтырыңыз