21:11
23 ОКТЯБРЯ 2017, ПОНЕДЕЛЬНИК

Чемпиондор Лигасы: “ПСЖ” 4:0 эсебинде “Барселонанын” шорун кайнатты

15.02.2017 12:29 | Спорт 159

 

Чемпиондор Лигасынын финалдык баскычынын 1/8 бөлүгүндө, биринчи беттеште “ПСЖ” ишенимдүү жеңишти камсыздай алды. Париждик клуб атаандашынын дарбазасына 4 жоопсуз топту жөнөттү. Утуп чыккандардын атынан эки голду Анхель Ди Мария сокту.

Статистиканы карасак, “ПСЖнын” тренери Унаи Эмери, буга чейинки коучтук карьерасында каталондук клуб менен 24 ирээт жолугушуп, экинчи жолу гана утушка жете алды.

Чемпиондор Лигасынын плей-офф стадиясында 2009-жылдан бери, көк-сыялар катары менен эки голду тунгуч жолу жеп атат.
Жооптук кармаш 8-мартта “Камп Ноуда” өтөт. “Барселона” тер төгүүгө камдануусу абзел.
 
Голдор: 1:0 – Ди Мария, 18; 2:0 – Дракслер, 40; 3:0 – Ди Мария, 55; 4:0 – Кавани, 71.

Самые обсуждаемые новости

  • 22:46 21 мая 2017

    Сүйүнчү! Айсулуу Тыныбекова ислам оюндарында алтын медаль тагынды

  • 18:12 3 октября 2017

    Видео - 43 жаштагы мушкер Мирбек Суюнбаев дүйнө чемпионатына даярданууда

  • 17:12 26 июля 2017

    Мыктылар тандалды! Көк-бөрү боюнча дүйнөлүк чемпионатка Кыргызстандын курамасы түзүлдү (тизме)

  • 23:49 18 апреля 2017

    АФК Кубогу: «Дордой» жана «Алайга» упай жок

  • 21:03 26 сентября 2017

    Эртең Ашхабадда өтүп жаткан Азия оюндары жыйынтыкталат. Кыргызстан 8-орунда

Талкуу(0)

Эч ким пикир билдире элек. Биринчилерден болуңуз! Пикир жазуу эрежеси Правила комментирования
Пикир калтырыңыз