15:40
17 ОКТЯБРЯ 2017, ВТОРНИК

Эртең Кыргызстанга Орусия президенти Владимир Путин келет

27.02.2017 10:24 | Саясат 157

Орусия өлкө башчысы Владимир Путин 27-28-февралда Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстанга келет. Сапар дипломатиялык мамилелердин 25 жылдык мааракесинин алкагында өтөөрү кабарланууда.

Орусия президентинин Кыргызстанга сапары 28-февралга белгиленген. Анын алкагында эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушат. Президенттик аппараттын маалыматы боюнча, жолугушууда орус-кыргыз кызматташтыгы, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, ЕАЭБ алкагындагы эки тараптуу мамиле тууралуу кеп болот.

Путин Тажикстандагы сапары учурунда эки өлкөнүн эки тараптуу мамилелеринин бекемделишине чоң салым кошкондугу үчүн Эмомали Рахмонго Александр Невский атындагы орденди тапшырат. Мындан тышкары өз ара жети документтин бекитилиши күтүлүүдө.

Юрий Ушаков Владимир Путин менен Эмомали Рахмон Тажикстандагы орусиялык аскердик базага байланыштуу маселелер боюнча да пикир алышарын айтты.

Путиндин сапарынан кийин Орусиядан депортация болгон 14 миңден 68 миңге чейинки тажик эмгек мигрантынын “кара тизмеден” чыгуусу күтүлүүдө.

Самые обсуждаемые новости

  • 16:35 28 марта 2017

    Аскар Акаевдин расмий сайты ачылды

  • 16:59 18 июня 2017

    Өмүрбек Текебаев расмий түрдө президенттикке жылдырылды

  • 13:07 20 июня 2017

    КР премьер-министр Мамкурулуштун жетекчисинин орун басарын чогулуштан кууп чыкты

  • 16:41 12 октября 2017

    Фото – Премьер С. Исаков Тоңдо оор абалда жашаган эки үй-бүлөөгө барды

  • 13:18 24 марта 2017

    Жанар Акаев КСДП фракциясынан чыгарылгандыгы боюнча комментарий берди

Талкуу(0)

Эч ким пикир билдире элек. Биринчилерден болуңуз! Пикир жазуу эрежеси Правила комментирования
Пикир калтырыңыз