23:03
20 НОЯБРЯ 2017, ПОНЕДЕЛЬНИК

Кыргызстандык футболчу Мальдив аралдарынын футбол боюнча Суперкубогун жеңип алды

17.02.2017 15:07 | Спорт 141

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын дарбазачысы Павел Матяш Мальдив аралдарынын футбол боюнча Суперкубогун жеңди. Бул тууралуу “Мазия” футбол клубу маалымдайт.

Суперкубок үчүн беттеш 16-февралда ойнотулду. Мальдив аралынын учурдагы чемпиону “Мазия” менен Президенттик Кубоктун ээси “Валенсия” көк майсаңда жолуккан.

Кыргызстандык Павел Матяш “Мазиянын” клубдук түстөрүн жана дарбазасын коргоо үчүн негизги курамда чыгып, дарбаза торуна топ өткөргөн жок. Матч “Мазиянын” ийглиги менен аяктады, калыстын ышкырыгы жаңырганда эсеп 1:0 болуп жыйынтыкталды.

Бул трофей Матяштын Мальдив аралындагы экинчи сыйлыгы. Буга чейин 2015-жылы “Мазия” үчүн ойногон дарбазачы Президенттик Кубокту уткан.

Самые обсуждаемые новости

  • 22:46 21 мая 2017

    Сүйүнчү! Айсулуу Тыныбекова ислам оюндарында алтын медаль тагынды

  • 18:12 3 октября 2017

    Видео - 43 жаштагы мушкер Мирбек Суюнбаев дүйнө чемпионатына даярданууда

  • 17:12 26 июля 2017

    Мыктылар тандалды! Көк-бөрү боюнча дүйнөлүк чемпионатка Кыргызстандын курамасы түзүлдү (тизме)

  • 23:49 18 апреля 2017

    АФК Кубогу: «Дордой» жана «Алайга» упай жок

  • 21:03 26 сентября 2017

    Эртең Ашхабадда өтүп жаткан Азия оюндары жыйынтыкталат. Кыргызстан 8-орунда

Талкуу(0)

Эч ким пикир билдире элек. Биринчилерден болуңуз! Пикир жазуу эрежеси Правила комментирования
Пикир калтырыңыз