23:09
20 НОЯБРЯ 2017, ПОНЕДЕЛЬНИК

“Ла-Ла Ленд” тасмасы “Оскарын” алдырып ийди

27.02.2017 12:12 | Маданият 143

“Ла-Ла Ленд” фильми Американын киноискусство академиясы тарабынан мыкты фильм деп тандалып “Оскарды” жеңген эле. Бирок калыстар катачылык болгонун айтышып, мыкты фильм сыйлыгын “Ай жарыгына” (Moonlight) лентасынын режиссерлоруна кайтарышты.

Жалпы жонунан Дэмьен Шазеллдин тасмасы 6 “Оскар” айкелин илип кетти.

Мыкты режиссура үчүн "Оскарды" Дэмьен Шазелл жеңди. Анын аркасында аттуу-баштуу делген Мэл Гибсондун “По соображениям совести”, Барри Дженкинстин “Лунный свет”, Дени Вильневдин “Прибытие” аттуу чыгармалары турат.

Демьен искусствонун бул түрүн Гарвардда үйрөнүп, аны 2007-жылы аяктаган. Бул анын жетегиндеги бешинчи гана фильм.

Ошого карабай тасма чуу жаратууга жетишти. Тунгуч оскарды режиссер үч саат күттү.  Сүрөтчүнүн ишин талдоого калыстарга ушунча убакыт талап кылынган. Мындан сырткары, мыкты оператордук иш, музыка, мыкты ыр жана мыкты аял образын жаратуу  боюнча “Оскарлар” ыйгарылды.

“Ла-Ла Ленд” башынан эле салтанаттын маржаны саналган. Мюзикл 14 номинация боюнча талапкерлигин коюлду эле, сегизин уттуруп жиберди.

Демек рекорд коюлган жок. “Оскар” айкелдерин эң көп уткан болуп дагы эле “Властелин колец”, “Титаник” жана “Бен-Гур” калууда. Аларда 11ден абройлуу сыйлык бар.

Канат Рыскулов

Самые обсуждаемые новости

  • 16:06 6 октября 2017

    Суук кабар... Ырчы жана алып баруучу Гүлбү Орозкул кызы каза болду

  • 18:44 1 сентября 2017

    Самара Каримова Эмгек сиңирген артисти наамы тууралуу үн катты

  • 12:09 9 июля 2017

    Ак калпак кийип бийлеген кыргыз жигити соцтүйүндү жарды (тасма)

  • 15:03 13 июня 2017

    Кайрат Примбердиев Кремлдеги концертти ачып берди

  • 11:53 6 июня 2017

    Элина Абай кызы турмушка чыгат

Талкуу(0)

Эч ким пикир билдире элек. Биринчилерден болуңуз! Пикир жазуу эрежеси Правила комментирования
Пикир калтырыңыз