15:39
17 ОКТЯБРЯ 2017, ВТОРНИК

“Лестер ситинин” башкы машыктыруучусу Клаудио Раньери иштен айдалд

24.02.2017 17:41 | Спорт 137

“Лестер” командасынын башкы тренери Клаудио Раньерини кызматтан бошотконун жарыялады. Раньери “түлкүлөрдү” 2015-жылдын июлунда башкарууга алган. 2016-жылдын май айында анын командасы Англиялык Премьер-Лиганын алтын медалдарын мөөнөтүнөн мурда жеңип алышкан. FIFA италиялык адисти 2011-жылдын мыкты машыктыруучусу атаган.

“Клубдагы убактысы ичинде Клаудио таң калаарлык зээнндүүлүк көрсөттү. Анан машыктыруучулук жана ишендирүүчүлүк мүнөзү “Лестердин” тарыхына чоң из калтырды. Анын жылуулугу, харизмасы клубду алдыга сүйрөп, таасирин күчөттү. Биз ар дайым ага ыраазы болобуз.

Былтыркы жетишкендиктерди кайталоо биздин планыбызда жок болчу. Тескеринче, АПЛде ордубузду сактап калууга аракет жасадык. Бирок азыр төмөнкү лигага түшүп калуу коркунучундабыз, ошондуктан алдыдагы 13 турда абалды оңдоону чечтик”, - деп Вишай Шривадданапрабха, клубдун башкы демөөрчүсү түшүндүрөт.

26-турдагы “Ливерпулга” каршы оюнга команданы тренердин жардамчылары машыктырышууда.25 турдан кийинки жыйынтык боюнча “түлкүлөр” 17-орунда турат.

Канат Рыскулов

Самые обсуждаемые новости

  • 22:46 21 мая 2017

    Сүйүнчү! Айсулуу Тыныбекова ислам оюндарында алтын медаль тагынды

  • 17:12 26 июля 2017

    Мыктылар тандалды! Көк-бөрү боюнча дүйнөлүк чемпионатка Кыргызстандын курамасы түзүлдү (тизме)

  • 23:49 18 апреля 2017

    АФК Кубогу: «Дордой» жана «Алайга» упай жок

  • 18:12 3 октября 2017

    Видео - 43 жаштагы мушкер Мирбек Суюнбаев дүйнө чемпионатына даярданууда

  • 21:03 26 сентября 2017

    Эртең Ашхабадда өтүп жаткан Азия оюндары жыйынтыкталат. Кыргызстан 8-орунда

Талкуу(0)

Эч ким пикир билдире элек. Биринчилерден болуңуз! Пикир жазуу эрежеси Правила комментирования
Пикир калтырыңыз