11:04
18 ИЮЛЯ 2018, СРЕДА

Өмүрбек Текебаев убактылуу кармоочу жайга камакка алынды

26.02.2017 15:19 | Саясат 198

"Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевди Австриядан учуп келери менен УКМК кызматкерлери аэропорттон кармап кетишкен эле. Ал эми учурда эл өкүлүн 48 саатка УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалганы туурасында "Ата Мекен" саясий партиясы интернеттеги расмий баракчасында билдирген. Аны менен катар партиянын өкүлдөрү Текебаевге колдоо көрсөтүү максатында бүгүн, 26-февралда түшкү саат 13:00 УКМКнын алдында тынчтык митинг өткөрө турганын жарыялап, санаалаштарын чакырышууда. 

Өмүрбек Текебаев менен бирге түнкү үчтөрдө Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев да кармалып, кийин аны кое беришкен. Ал эми  "Азаттык" радиосу менен "Сентябрь" телеканалынын журналисттерин жана 11 адамды Сокулук Ички иштер бөлүмүнө жеткиришип, эки сааттан соң түшүнүк кат жаздырып, кое беришкен. 

Таңкы төрттөн өтүп УКМКнын алдына "Ата Мекен" партиясынын мүчөлөрү Аида Салянова, Наталья Никитенко жана Каныбек Иманалиевдер баштаган партиянын санаалаштары чогула баштаган. Учурда Өмүрбек Текебаев сурак берип жатканы маалымдалат. Эскерте кетсек күн мурун Башкы Прокуратура Өмүрбек Текебаевге карата Кылмыш-жаза кодексинин 303-"паракорчулук" жана 166-"алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон эле.

Айнура Аваданова

Самые обсуждаемые новости

  • 16:35 28 марта 2017

    Аскар Акаевдин расмий сайты ачылды

  • 20:37 27 ноября 2017

    Видео - Курманбек Бакиев мекенине кайта турганын билдирди

  • 16:59 18 июня 2017

    Өмүрбек Текебаев расмий түрдө президенттикке жылдырылды

  • 16:41 12 октября 2017

    Фото – Премьер С. Исаков Тоңдо оор абалда жашаган эки үй-бүлөөгө барды

  • 13:07 20 июня 2017

    КР премьер-министр Мамкурулуштун жетекчисинин орун басарын чогулуштан кууп чыкты

Талкуу(0)

Эч ким пикир билдире элек. Биринчилерден болуңуз! Пикир жазуу эрежеси Правила комментирования
Пикир калтырыңыз