23:16
20 НОЯБРЯ 2017, ПОНЕДЕЛЬНИК

Ооган кыргыздары Кыргызстанга көчүрүлө баштайт

22.02.2017 11:36 | Коом 150

Ооганстандагы Бадахшан правинциясындагы кыргыз калкы жазында Кыргызстанга көчүрүлө баштайт. Бул тууралуу 5news.kg маалымат порталына КР өкмөтүнө караштуу мамлекеттик миграция кызматынын кайрылмандар менен иштөө бөлүмүн үн башчысы Жыпара Мамбетова билдирди.

Анын айтымында, демилге өткөн жылы кыргыз расмийлеринин Ооганстанга болгон сапарында көтөрүлгөн. Алгач мектеп курагындагы балдарды гана алып келүү сунушталган. Кийин болсо аларга жоопкерчиликтүү ата-энелери дагы келиши шарт деген чечим кабыл алынган.

Азырынча жер которо тургандардын так саны аныктала элек. Болжол менен 30 жакын 7 жаштан 30 жашка чейинки жарандар келишмекчи. Адамдардын биринчи тобун апрель, май айларында күн ысып кете электе алып келүүгө аракеттер жүрүүдө.

“2016-жылдын декабрь айында Бадахшан провинциясынын губернатору менен акимин КР вице-прембер-министри Чолпон султанбекова өзү кабыл алган. Анда эки тараптуу тыянакка келип, балдарды үй-бүлөлөрү менен алып келүү боюнча ” дейт мамлекеттик миграция кызматынын кайрылмандар бөлүмүнүн башчысы Жыпара Мамбетова.

Ооган кыргыздарын Ош облусунун Чоң-Алай районуна  жайгаштырууну кыргыз өкмөтү көздөөдө. Муну кыргыз тарап оогандык кыргыздардын дениз деңгээлинен 4.5 миң чакырым бийиктикке жашап көнүп калганына байланыштырышат. Антпесе климаттын кескин өзгөрүүсүнөн жер которгондордун ден-соолугуна залал келип калат.

Учурда Ооганстандын Бадахшан провинциясында 400 чукул түтүн бар. 2 миңге жетпеген гана кыргыз калган. Ичинен үчтөн бирин аялдар түзсө, басымдуу бөлүгү эркектер. Балдардын так саны белгисиз.

Наргиза Асекова

Самые обсуждаемые новости

  • 14:49 18 июля 2017

    Видео - Жоолук салынган кыздын бийи нааразы пикирлерди жаратууда

  • 16:43 19 июня 2017

    Үй-бүлөөлүү эркектер менен байланыш түзгөн аялдарды жазалоо сунушталууда

  • 10:52 25 апреля 2017

    Бүгүн түнү Аскар Салымбековдун жубайы Гүлмира Мамбеталиева каза болду

  • 14:29 6 апреля 2017

    Өзбекстандын куралчан чек арачысы Кыргызстандын аймагына кирип келди

  • 00:04 1 июля 2017

    Белгилүү аткаруучу Токтобек Асаналиевдин тун уулу комузчу Канат Наматбеков кайтыш болду

Талкуу(0)

Эч ким пикир билдире элек. Биринчилерден болуңуз! Пикир жазуу эрежеси Правила комментирования
Пикир калтырыңыз