21:04
23 ОКТЯБРЯ 2017, ПОНЕДЕЛЬНИК

Оппозиция ачкачылык жарыялайт

26.02.2017 15:37 | Саясат 201

УКМК Өмүрбек Текебаевди тез арада бошотпосо, оппозиция ачкачылык жарыялайт. Бул тууралу экс-акыйкатчы Турсунбек Акун митингде билдирди. 

Мтингге Акундан башка, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Роза Отунбаева, Эмилбек Каптагаев, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков, Асия Сасыкбаева жана "Ата Мекен" фракциянын учурдагы депутаттары келип, сөз сүйлөштү. Алар башкы атамекенчинин кармалуусу катуу сынга алышып, аны бошотуу талабын коюшту. 

Эскерте кетсек, күн мурун Башкы прокуратура Өмурбек Текебаевдин үстүнөн "Альфа Телеком" ЖАК чуулгандуу териштирүүгө байланыштуу 303 (Коррупция) жана 166 (Алдамчылык) беренелери менен кылмыш ишин козгогон. Эртең менен депутат Австриядан учуп келери менен УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган. Ошол эле убакта Убактылуу өкмөттун мүчөсү Дүйшөнкул Чотонов дагы үйүнөн камакка алынган. Азыр алар УКМКда сурак берип жатышат. 

УКМК имараты алдында Өмүрбек Текебаевдин тарапташтарынын митинги уланууда.

Самые обсуждаемые новости

  • 16:35 28 марта 2017

    Аскар Акаевдин расмий сайты ачылды

  • 16:59 18 июня 2017

    Өмүрбек Текебаев расмий түрдө президенттикке жылдырылды

  • 13:07 20 июня 2017

    КР премьер-министр Мамкурулуштун жетекчисинин орун басарын чогулуштан кууп чыкты

  • 16:41 12 октября 2017

    Фото – Премьер С. Исаков Тоңдо оор абалда жашаган эки үй-бүлөөгө барды

  • 13:18 24 марта 2017

    Жанар Акаев КСДП фракциясынан чыгарылгандыгы боюнча комментарий берди

Талкуу(0)

Эч ким пикир билдире элек. Биринчилерден болуңуз! Пикир жазуу эрежеси Правила комментирования
Пикир калтырыңыз