15:16
13 ДЕКАБРЯ 2017, СРЕДА

Таласта митинг кайра башталды

10.02.2017 16:17 | Өзгөчө кырдаалдар 157

Талас облусунун Кара-Буура районунда жер чырынан чыккан митинг кайра башталды. Бүгүн эл  Көк-Сай райондук сотунун алдына келишти. Бул тууралуу 5news.kg маалымат порталына Талас облусунун райондук ички иштер башкармалыгы билдирди.

2016-жылдын 8-декабрында Кара-Буура районунун жашоочуларынын бири арыз менен Талас шаардык ИИБне кайрылат. Арызга ылайык Көк-Сай айылында жер тилкеси үчүн чыр чыгып тараптар мушташа кетишкен. Жаңжалдын катышуучуларынын бири  Эрнис Султаналиевге “тоноочулук” жана “денеге залал келтирүү” боюнча кылмыш иши  козголгон. 

Үстүбүздөгү жылдын 24-январда жергиликтүү сот Султаналиевди үй камагына алуу чечимин чыгарат. Соттун бул чечимине нааразылыгын билдиришип, Көк-Сай айылынын тургундары 8-февралда аталган сот имаратынын алдына митингге чогулган. Алардын талабы Султаналиевди убактылуу тергөө камагына алуу.   

Жергиликтүү райондук сот элдин нааразычылыгына карабастан чечимин өз күчүндө калтырган. Учурда окуя болуп жаткан жерге Талас шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери бара жатышат.

 

Самые обсуждаемые новости

  • 22:14 28 июля 2017

    Кыргызстандыктар асмандагы керемет көрүнүштү тартып алышты

  • 12:36 30 мая 2017

    Шашылыш билдирүү! Кыргызстанда дагы катуу шамал болот

  • 17:42 30 июля 2017

    НТС телеканалынын журналисти жол кырсыгынан каза болду (тасма)

  • 12:32 6 августа 2017

    Жоолук салынган кыз дүкөнгө кирип, планшет уурдаган (тасма)

  • 12:20 29 марта 2017

    Чуңкурга түшүп кеткен бөбөктүн жансыз денесин 7 куткаруучу чыгарды

Талкуу(0)

Эч ким пикир билдире элек. Биринчилерден болуңуз! Пикир жазуу эрежеси Правила комментирования
Пикир калтырыңыз