15:39
17 ОКТЯБРЯ 2017, ВТОРНИК

Тажикстанда түнкүсүн көчөдө жүргөн өспүрүмдөрдүн ата-энелери жоопко тартылат

27.02.2017 16:06 | Дүйнөлүк жаңылыктар 162

Тажикстандын Ички иштер министрлиги ата-энелерге 20 жашка чыга элек балдарынын оюн-зоок жайларга баруусуна тыюу салуусун өтүнүүдө. Эскертүүдөн кийин түнкүсүн чоңдордун көзөмөлүсүз көчөдө жүргөн балдардын ата-энелери жоопко тартылат.

Жергиликтүү ИИМдин маалыматына караганда, мекеме кызматкерлери күн сайын Дүйшөмбүдө ата-энесинин көзөмөлүсүз жүргөн 100гө жакын өспүрүмдү аныктайт.

Укук коргоо органдары мындай эскертүүнү өлкө президенти Эмомали Рахмон Дүйшөмбүнүн активдери менен жолугуп, жаштар арасындагы кылмыштуулуктун деңгээли боюнча тынчсыздануусун билдирген соң жарыялоодо. «Бул абал ички иштер органдарынын, ата-энелердин жана коомдун өзгөчө көңүл буруусун талап кылат», - деген президент.

Өлкө башчы өспүрүмдөрдүн интернет-кафелерде көп жүргөнүн айтып, укук коргоо органдарынын акыркы текшерүүлөрү 5 жылда 14 миң баланын убакытты текке кетирип, пайдасыз иш менен алектенип жүргөнүн көрсөткөнүн белгиледи.

Самые обсуждаемые новости

  • 14:39 12 июля 2017

    Жоругуң жолдо калгыр! Британияда эки мусулман эркек баш кошту (тасма)

  • 21:31 6 июля 2017

    Индонезияда 16 жаштагы жигит 71 жаштагы байбичеге үйлөндү (тасма)

  • 10:42 23 июля 2017

    Бразилияда алп жылан парламент депутатын тирүүлөй жутуп алды (фото)

  • 20:12 6 октября 2017

    Үйлөнгөн жигит той күнү келинчегинин интим видеосун жарыялап, кегин алды

  • 17:36 3 марта 2017

    Маркумду тирилтип аны менен селфиге түшүүчү тиркеме жаралды

Талкуу(0)

Эч ким пикир билдире элек. Биринчилерден болуңуз! Пикир жазуу эрежеси Правила комментирования
Пикир калтырыңыз